Коом
Ленин райондук шайлоо округу боюнча ЖКга кайра шайлоо өтүп жатат

Ага 24 талапкер катышууда. Добуш берүү үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулду.
БШК 16-июнда Жогорку Кеңешке Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Шайлоодо талапкер Дамира Ниязалиева алдыда келе жаткан. Бирок алдобуштарды сатып алууга шектелип, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган. Экинчи орунду талапкер Улан Сариев ээлеген, бирок анын дагы алган добуштары жокко чыгарылган.
Мындан улам ал шайлоонун жыйынтыгы таанылган эмес.
Ленин округундагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан улам өткөн эле. Март айында ал ресторандын алдынан күзөт кызматкерин сабап салган. Бул окуядан кийин Абиров депутат болууга моралдык укугу жок экенин айтып мандатын тапшырган.



