УКМК: Жашыруун акча алмашуу бюросунда криптовалюта сатып алуу фактысы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан каржылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу жана көмүскө кирешелерди адалдоого басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн.
Тактап айтканда, “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын айрым жарандары аныкталды.
Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз борборунан.




