Коом
Дарыгерлер айры сайылып калган баланы аман алып калышты

Окуя 25-августта Жалал-Абадда болгон. Өспүрүм жуунам деп буту тайып кетип, тике турган айрыга сайылып калган.
Дарыгерлер алгач айрынын сайылган тишин калтырып, калганын болгарка менен кесип алган. Бактыга жараша, айры баланын жүрөгүнө тийген эмес, бирок өпкөнүн эки жерине сайылып калган.
Хирургдар балага операция жасап, өпкөсүн тигип беришкен. Учурда баланын абалы жакшы.



