Коом
Бишкектин чоң көчөлөрүнө автоунааларды кыйгачтатып токтотууну тыюу каралууда

Бишкектин чоң көчөлөрүнө автоунааларды кыйгачтатып токтотууну тыюу каралууда.
«Токтотууга тыюу салынат» деген жол белгилери Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов, Ибраимов, Токтогул көчөлөрүндө пайда болушу мүмкүн. Анткен менен көчөнүн четине параллель кылып токтоого болот. Муниципалитет шаардын борбордук бөлүгүндөгү жол тыгындары менен ушинтип күрөшүүнү пландап жатат.
ЦУМдун айланасындагы кырдаал өзүнчө каралды. Ал жерге да аталган жол белгилерин орнотуу мерчемделип жатат, бирок бул тыюу муниципалдык унаа токтотуучу жайга тиешеси болор-болбосу айтылган жок.



