Окуялар
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ГСИН) кайтаруу жана коштоо департаментинин аскер кызматкери Чүй облусунда 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул маалыматты облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Милициянын маалыматына ылайык, арыз менен кайрылган кыз 8-майга караган түнү курбусу менен эки жигит таанышканын билдирген. Кийин алардын бири Кой-Таш айылынын жанындагы капчыгайда ага карата зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган.
«Шектүү кылмышын аягына чыгара алган эмес, анткени жабырлануучунун курбусу чуркап келип калган», — деп билдиришти милициядан.
Шектүү катары 20 жаштагы С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.


