Коом

Зордуктоо боюнча 2 жолу милицияга кайрылган. Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин окуясы

Чүй ОИИБден Сокулук районунун Селекция айылында үрөй учурган окуя боюнча кошумча маалымат берди.

2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу Сокулук РИИБке арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.

Факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн.

Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байлыныштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 31-январында келин кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген.

2023-жылы 31-январь күнү Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факт боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу чарасы колдонулуп Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн.

Соттук кароодо Сокулук райондук сотто ага карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган, ал өкүмгө наарызы болгон шектүү Чүй облусуттук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button