Коом
Оштогу жол кырсыкта 3 студент кыз каза болду
Ош-Сары-Таш-Иркештам жолунун 20-чакырымында жол кырсыгы каталып, 3 студент кыз каза болду. Маалыматты Ош облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан таратты.
Маалыматка караганда, Хонда Фит Ошко бара жаткан. Аны менен Оштон Алайга бара жаткан жүк ташуучу унаа сүзүшкөн. Жеңил унаанын ичинде 6 адам болгон. 4 кыз жана 2 өспүрүм. Кесепетинен студент курсташ кыздар каза болушкан. Тактап айтканда, айдоочу жанан унаанын артында отурган 2 кыз жан берген. Ал эми 11-класстын 2 окуучу баласы жана дагы 1 кыз аман калган.



