Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы ведомстводогу акчаны кайда жумшаган?
Кылмыш иштер боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары келип түшкөн акчаны инвентаризациялап келгенде каражат жетпей калган. Башкы прокуратура бул факты боюнча аталган аткаминердин кармалганын билдирди.
“Р.А. алган акча толугу менен ордуна коюлган. Ыйгарылып алынган каражат жеке адамга таандык болгон, мамлекетке зыян келтирилген эмес”, — дешти БПдан.
Өзүнүн маалымат булактарына таянган ЖМКлар кеп 700 доллардын тегерегинде болуп жатканын, ал кызматкер акчаны кумар оюндарына салып жибергенин жазышты.