ДүйнөКоомОкуялар

Орусияда жердеш кыздарды алдап жүргөн жаран кармалды

Москвада кыргызстандык 23 жаштагы жигит алдамчылыкка шектелип жатканын Орусиянын Mash-Telegram каналы билдирди.

Маалыматка караганда, ал жердеш кыздарды алдап жүргөн. Аларга үйлөнүүнү убада кылып, кыздыгынан ажыратып, кыздардан карызга акча алган.

Милицияга 22 жаштагы сатуучу кыз Нурисламгакаршы полицияга кайрылган (ал өзүн ошентип тааныштырган). Анын айтымында, эки ай мурун таанышып, мейманканада чогуу түнөшкөн. Ошол эле учурда жигит банк картасын унутуп калганын айткандыктан, кыргызстандык кыз баарын өзү төлөгөн. 

Нурислам кыздын артынан калбай, үйүнүн жанында туруп, кыздан акча сурай берген. Бир күнү ал үйдүн кире беришине уктап калган. Кыз анын телефонун алып, өзүнө окшогон көп кыздар бар экенин, ар кимге ар кайсы атты айтып таанышканын көргөндөн кийин экөө урушуп кеткен. Кыз уктоочу дары ичип, өзүн өлтүрмөкчү болгон. Бирок ал оюнан кайткан. Бир нече убакыттан кийин экөө кайра жолугуп, түн өткөрүшкөн соң, кыз Нурисламга каршы арыз жазып, полиция аны кармаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button