Окуялар

Сокулукта 16 жаштагы өспүрүм сабалган окуя боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 2-октябрда социалдык тармактын колдонуучулары өспүрүм бала сабалып ооруканада жатканын, ал эми Сокулук милициясы шектүүнү кое берип жибергенин жазышкан. Чүй ОИИБ окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 29-сентябрда Сокулук РИИБге арыз менен Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушунун тургуну 1974-жылы туулган жаран кайрылып, ошол эле күнү жашы жете элек 2007-жылы туулган уулун себепсиз сабап, денесине жаракат келтирген жаранга, анын уулуна чара көрүп берүүнү суранган.

«Аталган факты Сокулук РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган. Учурда келтирилген жаракаттын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө, жыйынтыгы менен процессуалдык чечим кабыл алынат»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button