Окуялар
Шымкентте 38 кыргызстандык кармалып, кайра бошотулду
Казакстандын Шымкент шаарында 38 кыргызстандык жаран кармалып, кайра бошотулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
«КРдин 38 жараны Шымкент шаарында кармалгандыгы тууралуу маалымат алынды. Кармоолор тактоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүп, андан кийин алар бошотулган», — деп жазылган маалыматта.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, Казакстандагы башаламандыктарда 8 миңге чукул адам кармалган.



