Коом
«Мадина» базарынын негиздөөчүсү, ЖКнын мурдагы депутаты 9-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.
Турсунтай Салимов уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө жана ага катышууга шектелүүдө.
Сот учурунда экс-парламентарийдин абалы начарлап, аны Тез жардам алып кетти.
Сот жыйынында Салимов жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жалпы бизнеси жана достук мамилеси болбогонун айтты. Ал Көлбаев менен коңшу жашаганын, кээде гана учурашып турушканын белгиледи.
Салимов Көлбаев анын кудасы эместигин кошумчалады.



