Ысык-Көлдө опузалап акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына 45 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, белгисисз жаран коркутуу жолу менен Бостери айылында жайгашкан жер тилкесин башка адамга жазып берүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирген.
Арыз Ысык-Көл ОИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББдин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча УКККБнын, Ысык-Көл ОИИБдин ыкчам кызматкерлери жана Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын кызматкерлеринин көмөгү менен кылмышка шектүү жарандын өздүгү аныкталган. Ал, Бостери айылынын 36 жаштагы тургуну, КР ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турган О.А. болуп чыкты.
Кылмышка шектелип кармалган жаран соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин УКЖга кыргизилди.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда, — деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан.



