Коом

Ири алдамчылыкка шектелген жаран Ош шаарынан кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.


2023-жылдын октябрь айында ички иштер органдарына Ош облусунун жашоочусу алдамчылык аракеттери боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Маалымат боюнча ушул жылдын сентябрь айында Ош шаарынын базарларынын биринен унаанын ээсине бир жаран кайрылып, жүк ташуучу унааны алууга кызыктар экендигин билдирген. Шектүү жабырлануучунун ишенимине кирип, баасы 1 300 000 сомдук «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасын алдоо жолу менен ээлеп алган. Ал эми унаанын акчасын бир нече күндөн кийин берем деп, изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Ош шаарындагы Сулайман-Тоо милиция бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чарасын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн.
Жакында, көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешелүү Ош облусунун жашоочусу 2000-жылы туулган Б.уулу М. кармалган. Бул жаран мурда 9 жолу соттолгон, кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта жана криминалдык төбөл менен жакын мамиледе болгон. Аныкталгандай, жогорудагы унааны бөлүктөргө бөлүп, сатып салган.
Кармоо иш-чарасы Ош шаарынын ижарага алынган батирлеринин биринде жүргүзүлгөн. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button