
Курманкул Зулушев менен Мелис Тургунбаев кол алдындагы кызматкерлерди жетиштүү көзөмөлгө албагандыгы үчүн жазаланган.
Президент буга чейин администрациясынын алдындагы комиссияга прокуратуранын айрым кызматкерлеринин Жаратылыш ресурстары министрлигинин лицензиялоо боюнча комиссиясынын ишине кийлигишкен учурларын карап чыгууну тапшырган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мындай фактылар аныкталганы тууралуу маалыматты Жапаровго жөнөткөн.
Ошондой эле Зулушевге орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан алуу, дагы эки башкармалыктын жетекчилерине Мирлан Майтпасов менен Авазбек Аликуловго сөгүш жарыялап, ротациялоо тапшырмасы берилди.



