Баткен ОИИБдин башчысы Тажикстандын милиция башчылары менен сүйлөшүп, алгылыктуу иштерди аткарууда

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын генерал-майору Мурат Боронов менен Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору Абдулло Навджувоновтун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча биргеликте иш-чаралар тынымсыз жүрүп жатат. Анын алкагында 2023-жыл башынан бери Лейлек району боюнча биздин жарандардын коңшу мамлекеттин аймагына өтүп кеткен 39 баш бодо малы Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп алынса, ал эми тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирген 137 баш бодо малдары аларга өткөрүлүп берилди.

Ошондой эле, Баткен району боюнча Кыргызстанга 42 баш майда мал, 41 баш бодо мал жана 4 баш жылкы, 9 баш эшек кайтарылып, Тажикстанга 40 баш майда мал, 10 баш бодо мал, 1 баш эшек кайтарылып берилген.

Кыргыз өлкөсүндө адам өлтүрүү факты менен издөөдө жүргөн криминалдык чөйрөнүн 2 адамы ыкчам байланыштардын негизинде Тажикстандын Республикасынын аймагынан кармалып, Кыргыз өлкөсүнө



