Коом
УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери универсалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатына катышты — ФОТО

2023-жылдын 26-31-октябрында Тбилисиде (Грузия) Универсалдуу кармаш боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
UNIFIGHT боюнча бул чемпионатка дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсү катышты. Мелдештин жыйынтыгында 75 кг салмакта 3-орун жана 100 кг салмакта 3-орунду КР УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери ээлешти.




