Коом

Тигүүчүлөр «Кыргызтопчу» ишканасынын продукциясына жогорку баасын беришти

2023-жылдын 2-ноябрында «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун туунду компаниясы «Кыргызтопчу» ишкананын жалпы ишмердүүлүгү менен тааныштыруу максатында атайын ачык эшик күнүн уюштурган  иш-чарага жеңил өнөр жай ассоциациясынын жетекчиси Сапарбек Асанов баштаган аталган тармактын жана  Мамлекеттик салык кызматынын, Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Өз кезегинде «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун президенти Жарасул Абдураимов келген конокторго коомдун жана «Кыргызтопчу» ишканасынын иши жана келечек пландары боюнча маалымат берди.

«Учурда «Кыргызиндустрия» ААКнын базасында ар кыл багыттагы 16 ишкана иштеп жатат. Мисалга алсак, «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы принтерлерди, кассалык аппараттарды, кураштырат, «Кыргызбетонкурулуш» ишканасы италиялык Emmedue технологиясы боюнча үй куруу үчүн пенополистирол панелдерин, «Кыргызтемирмык» ишканасы мык жана бурамалар, «Кыргызфармтех» ЖЧКсы кеңири ассортименттеги медициналык пластырларды  өндүрөт. «Кыргызбахча» ишканасы мөмө-жемиштерди жана коондорду кургатуу менен алектенет. Жалпылап айтканда, мамлекет этап-этабы менен заводдорду, фабрикаларды реанимациялап, калыбына келтирип, өндүрүштү түптөп, жеке ишкерлерди колдоп жатат», – деп белгиледи компаниянын президенти.

«Кыргызтопчу» ЖЧКсынын продукциялары менен таанышкан ишкер Айгүл Боронбаева ишкана өндүргөн топчу, сыдырмаларды жогору баалап, ата мекендик өндүрүштү колдоо керектигин баса белгиледи.

«Мен «Кыргызиндустрия» акционердик коомунда  топчу жана сыдырма өнүктүрүү  жолго коюлганына абдан кубанычтамын. Продукциянын сапаты менен тааныштым жана ал бардык  талаптарга жооп берээрине ынандым. Биз өзүбүздүн ишканалардан продукцияларды сатып алып, ата мекендик өндүрүштү колдоого даярбыз», – деди А.Боронбаева.

Анын кесиптеши Асел Альмерикова өндүрүш өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү локомотив экенин кошумчалады.

«Учурда Кыргызстандын тигүү тармагынын продукциялары КМШ өлкөлөрүндө өзгөчө суроо-талапка ээ. Жеңил өнөр жай өлкөбүздүн экономикасынын флагманы болуп калды деп айта алабыз. Бирок керектүү чийки заттын баарын Кытайдан, Түркиядан сатып алабыз. Андыктан ата мекендик тигүү фурнитуралары  өндүрүлүп жатканы тууралуу кабарды өзгөчө кубануу  жана толкундануу менен кабыл алдык. Бул тигүүчүлөр тигип жаткан продукциясынын сапатын жакшыртууга, баасын төмөндөтүүгө шарт түзөт деп ойлойм», – деп кошумчалады ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер өздөрүн кызыктырган суроолоруна тийешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жооп ала алышты.

Белгилей кетсек, “Кыргызтопчу” ишканасы 2022-жылдын март  айында түзүлүп, 2023-жылдын март айында ишке кирген.

Анын негизги багыты – жеңил өнөр жай тармагына керектелүүчү тигүү фурнитурасын, тактап айтканда:  топчу жана сыдырма-бүчүлөрдү өндүрүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button