ВИДЕО: Элди сабап, тоногондор кармалды

2023-жылдын ноябрь айынын башында Жайыл РИИБге маалымат келип түшкөн. Анда аймактык ооруканага 28 жаштагы жаран башынан жаракат алып, мээси чайкалып, бетинде көк ала тактары менен жаткырылган.
Бул факты Жайыл РИИБде катталып, топтолгон материал тергөөгө чейинки текшерүүгө аймактык караштуулугу боюнча Панфилов райондук милициясына жөнөтүлгөн.
Андан ары текшерүүнүн жүрүшүндө, өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катары тааныштырган төрт адам Чүй облусунун жашоочуларына кол салып, денесине залал келтиргени аныкталган. Мас абалында эки унаа айдап бараткан жарандар башка үч жаранга бейбаштык максатында күч колдонушуп, күч менен унаага салышып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан соң ээн жерде эч себепсиз сабашкан. Сабалгандардын бирин Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирип, кетип калышкан.
Топтолгон материалдардын негизинде Панфилов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыш ишин ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Чүй жана Талас облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тартылган.
Укукка каршы аракеттерге катыштыгы бар жарандардын өздүгү такталды. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында ИИМдин КИББдин кызматкерлери Панфилов РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсү менен биргеликте кылмышка шектүү катары эки жаранды 1999-жылы туулган Ж..Н. жана 1997-жылы туулган М.А. кармашкан. Алынган маалыматтар боюнча, экөө тең мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар. Алар Чүй облусунун Панфилов районунун тургундары болушат. Кармалган жарандар жергиликтүү милиция бөлүмүнө жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.



