Коом

Милиция кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын кызматтык жөндөмдүүлүгү текшерилип баштайт

2023-жылдын 18-30-ноябрына чейин ИИМдин бардык түзүмдөрү “Жогорулатылган” күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өткөрүлөт.


Бул күндөрү Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик, кызматтык даярдык жана ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдык Иш-мерчемдерин аткаруу максатында, бардык ички иштер органдарынын жана Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө милиция кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын кызматтык жана күжүрмөн даярдыгынын, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн даярдыгынын жыйынтыгы чыгарылат.


Жыйынтыктоо учурунда өздүк курамдын кызматтык, күжүрмөн, спорттук даярдыгына жана ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө колдонгон укуктук-ченемдик актыларын билүү, ошондой эле атайын бөлүктөрдүн өзгөчө кырдаал жаралган учурда күжүрмөн тапшырманы натыйжалуу аткаруу мүмкүнчүлүктөрү текшерилет.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коомдук коопсуздукту камсыздоодогу ишмердүүлүгүн жогорулатуу чараларын көрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button