Ысык-Көлдө автобустун жүргүнчүсүнөн 80 миӊ рубль акчасын уурдап кеткен жаран кармалды

Тоң РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө «112» кызматынан Боом капчыгайында жайгашкан «Боз-Салкын» кафесинин жанында Каракол-Бишкек каттамындагы автобустан 80 миң рубль уурдалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Маалымат боюнча, окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу келип, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү сурамжылоо жүргүзгөн. Жабырлануучунун, Ак-Суу районунун 50 жаштагы тургунунун айтымында, ал Бишкек шаарынан Каракол шаарына автобус менен жөнөгөн болчу. Жанындагы жүргүнчү отургучта жигит отурган. Жолдо аял уктап калып, автобус «Боз-Салкын» кафесинин жанына токтогондо, сумкасында 80 миң рубль акча каражаты жана эки уюлдук телефон уурдалып кеткенин жана жанында отурган жүргүнчү жок болуп калганын байкаган.
Аталган факт Тоӊ РИИБдин КБРне катталып, кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран изи суутпай табылып, колго түшүрүлгөн. Ал Талас облусунун 37 жаштагы тургуну С.К. болуп чыкты жана алгачкы суракта күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Далил зат катары уурдалган акча каражаттары жана уюлдук телефондор алынган.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.



