Спорт

Кыргызстандык парадзюдочулар Токиодогу мелдешке катышат

Кыргызстандык парадзюдочулар Японияда өтө турган “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 30-ноябрдан 6-декабрга чейин Токиодо өтөт. Кыргызстандан бул мелдешке 4 спортчу барат.

Курама команданын тизмеси:

— Хайитхон Хусан кызы (48 кг);

— Давран Садыков (90 кг);

— Алихан Жумагулов (60 кг);

— Маматибраим Суранов (73 кг).

Курама команда башкы машыктыруучу Канат Имиянов жана машыктыруучу Байбол Саламат уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button