Спикер желекти өзгөртүүнү “демөөрчүлөр” каржылай турганын айтты. Бирок алардын атын атаган жок.
Тазабек Икрамов канча каражат кетерин сураган. Анан төмөнкүдөй диалог менен уланды:
Шакиев: — Мамлекеттик бюджеттен бир тыйын кетпейт.
Икрамов: — Эмнеге? Тууларды ким жасайт, паспорттоого өзгөртүүлөргө ким төлөйт?
— Аны биз сүйлөшкөнбүз, демөөрчүлөр бар, алгачкы алмашууда ошолор жардам беришет.
— Алар кандай демөөрчүлөр экен, мындан эмне пайда табышат?
— Мекенчил адамдар көп да…
— Ошол мекенчилдер каерден акча таап атыптыр?
— Өздөрүнөн, өздөрүнүн каалоосу…
@abal-kg



