Милиция кызматкерлери тарабынан «Жөө жүргүнчү» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

2023-жылдын 27-ноябрынан 1-декабрына чейин Чүй облусунун ИИБнын милиция кызматкерлери, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы менен биргеликте жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, Чүй облусунун аймагындагы жол-транспорт кырсыктары жана балдардын жаракат алышы жана болтурбоо максатында «Жөө жүргүнчү» аталышындагы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Чүй облусунун тургундары арасында жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө көңүл жөө жүргүнчүлөрдүн жолдон туура эмес жерден жана светофордон кызылга өтүшүнө бурулду. Балдар менен жолдон өтүп бара жаткан жөө жүргүнчүлөр менен да баарлашуулар болуп, кийимдердеги чагылтуу элементтердин маанилүүлүгү тууралуу да баарлашуулар болду.
Жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан КР Укук-бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесинин (Жөө жүрүүчүнүн, велосипедчендин, араба башкаруучунун, мал айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) негизинде 22 административдик протоколдор түзүлдү.
Ошондой эле, белгиленбеген жерден жолду кесип өтүү 1 миң сом айыпка алып келери жарандарга эскертилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды кыраакылыкка жана этият болууга, жолдон белгиленген өтмөктөн өтүүгө чакырат.



