Майыптыгы бар адамды сабаган киши тууралуу милиция маалымат берди

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) майыптар үйүндө белгисиз адам майыптыгы бар адамды уруп жатканы тартылган тасма боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, Кадамжай райондук милициясынын Айрыбаз айылдык участкалык инспекторлору видео боюнча текшерүү жүргүзүп, окуя эки жыл мурда болгонун аныктаган жана андагы бейтапты уруп жаткан кишини тапкан.
ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 6-декабрда социалдык тармактарга тараган видео 2021-жылы кышында Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде тартылганн. Тасма майыптар үйүнүн кызматкерлеринин ич ара келишпестигинен улам ачыкка чыгып кеткени маалым болду.
Тасмадагы адамдарды текшерүү учурунда азыркы күндө аталган мекемеде бригадир болуп иштеген 62 жаштагы Б.К. 2021-жылы санитар болуп, суткалык күзөттө турганда, ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы бейтапты качып кеткен жеринен таап келген. Мындан кийин аны коркутуп коюу максатында опузалаганын айткан.
Бул факты Кадамжай райондук милициясында катталып, текшерип-иликтөө иштери жүрүүдө. Тасмада сабалган 32 жаштагы бейтапка соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Азыркы бригадир, мурдагы санитар Б. Кга карата укуктук баа берилет.



