Коом
Жаңы алынган тез жардам унаасынын 11и Нарын облусуна берилди

Саламаттык сактоо министрлиги Россиядан алган 107 медициналык транспорттун 11ин Нарын облусуна бөлдү.
Облустук Үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнө жети «Соболь» үлгүсүндөгү тез жардам унаасы жана төрт жеңил машина берилген.
Аймакта бейтаптарды тейлөөчү унаалардын эскилиги эбак жетип, жаңысына алмаштырууга муктаж болуп жүрүшкөнү белгиленди.



