
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков (109 кг чейинки салмакта) штанганы түртүп көтөрүү ыкмасында 219 кг салмакты багындырып алтын медалга, жулкуп көтөрүүдө 162 кг салмакты көтөрүп, күмүш медалга ээ болду.
Ал эми 67 кг чейинки салмакта катышкан Ишимбек Муратбек уулу түртүп көтөрүү ыкмасында 164 кг багындырып, 3-орунду ээлеген.
Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеш бүгүн жыйынтыкталат.



