Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев: Соцтармактарда сүйлөнгөн сөздөр көчөгө чыга баштады(ВИДЕО)

Коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеев «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын берди. Аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп, кызуу талкуу жүрдү.
Чолпонбек Абыкеев мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүгүнө интернеттеги сайт же сайттын баракчасы жалган же анык эмес дегенге улап улуттук наркка, салт-санаага, менталитетке каршы келген, региондор, улуттар, диндик көз караштар ортосундагы ынтымакты бузган, ариет-намыска туура келбеген (уятсыз сөздөргө) маалыматты жайылтуу үчүн пайдаланылышына жол берилбейт деп кошумчалоону сунуш кылды. Ал сунуштарын жазуу жүзүндө да берерин айтып, аларды кайра башка тиешелүү беренелерге да да кошуп коюуну өтүндү.
«Дагы бир жолу айтайын, бул мыйзамды кабыл алуу туура эле болуп жатат. Антпесе азыр ушул фейсбуктагы же болбосо соцтармактардагы сүйлөнгөн сөздөр көчөгө чыга баштады»,- дейт Чолпонбек Абыкеев.



