Коом
Кыргызстан 9 айда 13 тонна алтын сатты
Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстан жалпы баасы 805,5 миллион долларга жеткен 12 тонна 886,2 килограмм алтын экспорттогонун Статком билдирди.
Сатып алган өлкөлөр:Швейцария — 10 тонна 607,2 килограмм;БАЭ — 1 тонна 294,7 килограмм;Гонконг (КЭРдин атайын административдик району) — 984,3 килограмм.2022-жылдын ушул маалында республика 69,4 килограмм, ал эми жыл соңуна чейин 290,5 килограмм алтын экспорттогон.
Статкомдун маалыматы боюнча, 2023-жылдын алгачкы эки айында алтын сатылган эмес, экспорт мартта гана башталган.



