Коом
Россия мигранттарды «кара тизмеге» киргизүү себептерин кыскартууну көздөп жатат
РФтин ИИМ өкүлү Дмитрий Демиденко 2024-жылдын 1-январынан тарта дээрлик бардык миграциялык процедураларды өзгөртүү пландалганын айтты.
Ал бул нерсе Кыргызстандын Россияда жүргөн жарандарынын абалын жеңилдетет деген ишенимде.
«Россияда 1 миллионго чукул кыргызстандык болсо, анын 700 миңге жакыны жумуш менен камсыз болгон. Бул чоң сандар, биз мыйзамды сыйлаган жарандар ашыкча тоскоолдуктарга кабылышын каалабайбыз«, — деди ал.
@user2



