Коом

Чүй облусунда рейддин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылды

Чүй облусунун аймагында «Өспүрүм-түн» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын максаты балдар арасындагы укук бузуулардын жана ар кандай кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Бул иш-чарага Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, Чүй облустук ички иштер органдарынан Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана социалдык коргоо кызматынын өкүлдөрү да катышты.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө облустун аймагындагы эс алуучу жайлар, интернет клубдар, спорттук аянтчалар текшерүүгө алынып, ата-энелердин коштоосу жок жүргөн 122 жашы жете элек өспүрүм аныкталса, дайынсыз жоголгон 4 өспүрүм табылып, ата-энесине кайтарылып берилген.

Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында 16 баланын ата-энесине мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлдү.

Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелерин чакыртып тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, андан соң балдарын өткөрүп беришкен.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча жашы жете элек өспүрүмдөрдүн түнкү саат 22:00 дөн таңкы саат 6:00 гө чейин ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосусуз жүрүүсүнө чектөөлөр каралган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button