Коом

Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат

2023-жылдын 22-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан жаңы жылды тосуу мезгилинде коомдук тартипти сактоо жана элге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа кырсыктарынын алдын алуу тууралуу онлайн кеңешме өткөрдү.


Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Генералдар Кеңешинин төрагасы, Садырбек Дубанаев, ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.
Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков тиешелүү жетекчилерге республиканын ички жана эл аралык трассаларында, айыл-шаарларды бириктирген жолдордо унаа кырсыктарын болтурбоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш-чараларды уюштуруу, автобекеттерде, базарлардын жана соода борборлордун айланасындагы такси кызматтарына, жөө жүргүнчүлөргө, маршруттук унаалардын айдоочуларына пропагандалык түшүндүрүү иштерин сапаттуу жүргүзүүнү күчөтүү керектигин тапшырды.


“Шаардык мэрияларга, райондук акимчиликтерге, айыл өкмөттөргө, айыл башчыларына, жол инфрастрактура түзүмүнө жооп берген мекеме-ишканаларга барып, кооптуу болгон жол участоктору боюнча маалыматтарды берип, өз учурунда тазалоо, кум себүү, тоскоолдуксуз өтүү үчүн жол белгилерин орнотуу боюнча иш-аракеттерди аткаруу милдеттендирилсин. Бир дагы айылда же райондо оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарынын болушуна жол берилбесин. Ар бир айдоочуга, ылдамдыкты ашырбоого, аралыкты сактоого, мас абалында унаа башкарууга болбостугу эскертилсин. Унаанын техникалык абалына көңүл буруу зарылдыгы, коопсуз курун тагынуу жана башка ушул сыяктуу жөнөкөй эрежелерди сактоо боюнча талап кылынсын.

Республикалык, облустук, шаар-райондук деңгээлдеги айдоочулар коомунун, жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалар жамаатынын өкүлдөрүнө жолугуп, радио-телевидение аркылуу кайрылууларды жасап, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча атайын эскертүүчү пропагандалык мүнөзгө ээ иш-чараларды жүргүзүңүздөр. Былтыр да ушул мезгилде ушундай багыттагы масштабдуу иш-чаралар жүргүзүлүп, бир катар жол кырсыктарын алдын алууга жетишкенбиз.


Бул иш-чаралардын баары биздин жеке көзөмөлдө болот. Эгерде, жумуштар активдүү алып барылбай, салкын мамиле жасала турган болсо, анда катуу тартиптик чаралар көрүлөт. Бишкек шаарынан Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарына барып-келип каттаган айдоочулар менен сүйлөшүп, автобекеттерге атайын тартип эрежелерин сунуштап, бир күндө бир жолу гана эл ташууга уруксат берилсин. Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, жеке пайда табууну көздөп, бир күндө эки же андан көп жол каттамдарын жасоого катуу бөгөт коюлсун. Жарандар арасында нааразычылыктарды болтурбоо үчүн, жол кире акысын өз алдынча жогорулатууга, нормадан ашыкча адамдарды же жүктөрдү салууга, унаалардын алдыңкы каптал терезелерин уруксатсыз караңгылатууга тыюу салынсын. Монополияга каршы жана Салык кызматтары, автобекттердин жетекчилери, унаа бригадалардын өкүлдөрү менен бирге, айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында туура түшүндүрүү иштери алып барылсын. Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын.


Жол кырсыгы болушу ыктымал деп күмөн жараткан ар бир квадратка, аймакка, регионго жооптуу кызматкерлерди жана алардын жетекчилер бөлүштүрүлсүн. Алардын ишмердиктери картографиялык ыкма жана санарип технологиялар аркылуу катуу көзөмөлгө алынсын. Эгерде, кайсы бир кызматкер тейлеген аймакта жол кырсыгы өсүп кетсе, анда ыкчам түрдө катуу тартиптик чаралар көрүлсүн.
Жол кырсыктарын алдын алуу боюнча негизги тапшырмаларга токтолуп өттүм. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жылдын жыйынтыгы менен болуп өтө турган коллегияда карап, өтө катаал чечимдерди кабыл алабыз. Жол кырсыктарын алдын алуу боюнча баардык талаптарды так аткарып, кемчиликтерди жоюңуздар”,-деп сөзүн жыйынтыктады ИИМ башчысы.
Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button