Коом
«КамАЗ» Ош шаарына тейлөө борборун ачат

Бул туурасында компаниянын Орто Азия боюнча директору Любовь Тюрина билдирди.
“Майда биздин адистер шаарга барып ылайыктуу жерлерди изилдеп келишет. Ошондой эле кыргызстандык кесиптештер менен тайжрыйба бөлүшөт”, — деди Тюрина.
Аны менен катар Кыргызстанда жакында жүк ташуучу унааны чогултуу иштерин баштоо пландалып жатканын кошумчалады.
Тюрина бүгүн кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын өнөр жай боюнча жумушчу тобунун жыйынында сүйлөдү.



