Коом

УКМК жана Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте Ош шаардык ИИБнин №25 мекемесине ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүштү

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы биргеликте Ош шаардык ИИБнин №25 мекемесин пландалган, биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматынын аймагында тыюу салынган буюмдар аныкталды.

Алсак, 2023-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаардык №25  мекемесинин айрым камераларында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 17 даана уюлдук телефондор, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган.

Мурда белгиленгендей, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.

Учурда УКМК тарабынан КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ж.У. жана башка тиешеси бар адамдар иликтентүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button