Окуялар

Ошто курулушчу имараттан кулап каза болду

Ош шаарында курулушчу имараттан кулап көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, милицияга 23-январда саат 16:30дар чамасында шаардагы көчөлөрдүн биринде салынып жаткан үйлөрдөн киши кулап түштү деген билдирүү түшкөн.

«Жерине барган ыкчам-тергөө тобу 8-кабатта кирпич коюп жаткан жумушчу кулап кетип көз жумганын аныктаган. Ал Кара-Кулжанын 28 жаштагы тургуну болгон», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт бирдиктүү журналга «Кокустук» катары катталып, текшерүү уланып жатканы кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button