Саясат
Жогорку Кеңештин жаңы 4 депутаты ант берди

18-февралда Жогорку Кенештин жыйынында төрт жаңы депутат ант беришти.
Алардын үчөө №13 шайлоо округунан шайланган эл өкүлдөрү. БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров Айбек Алтынбековго, Талант Мамытовго жана Айгуль Карабековага күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырды. Андан соң алар ант беришти.
Белгилей кетсек, үч депутат – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова БШКнын №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө токтомунун негизинде мандат алды.
Ал эми Азизбек Абдуллаев №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Элдар Сулайманов өз каалоосу менен мандат тапшыргандыгына байланыштуу парламентке келди.



