ДүйнөКоомСпорт

УКМКнын “Калкан” спецназы Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2024 мелдешинде төртүнчү орунду ээледи

Бул атайын кызматтар арасындагы бейрасмий дүйнөлүк чемпионат, аны  спецназдын олимпиадасы деп да аташат. Бул жылы мелдешке 48 өлкөдөн 87 команда катышты. 

Командалар 5 күн бою тоскоолдуктарды жеңүү, бутага тийүү, барымтадагыларды бошотуу, жарадарларды эвакуациялоо боюнча күч сынашты. 

Жыйынтыгында Кыргызстан УКМКсынын спецназы 4-орунду ээледи (өткөн жылы 8-орун болчу). Биринчи жана экинчи орундарды Дубайдын полициясы ээлесе, Казакстандын «Сардар» мамлекеттик күзөт кызматынын атайын отряды үчүнчү орунга чыккан.  

Ошондой эле быйыл УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» спецназы биринчи жолу сынакка катышып, 57-орунду ээледи.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button