Коом

Акыркы суткада 36 медкызматкер коронавирус жуктурган

Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 36 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте — 20, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1 учур катталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7102 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан айыгып чыккандар катталган жок, үй карантининен – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6924 медициналык кызматкер айыкты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button