Саясат
Жөн эле кетким келди. “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты мандатын тапшырууга арыз жазды

Жогорку Кеңештин “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырат. Ал Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазганын ырастады.
Анын айтымында, парламенттен кетүүгө негиздүү себеп деле жок.
«Жөн эле кетким келди, арыз жаздым», — дейт эл өкүлү.
Белгилей кетсек, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Алардын 20 мандаты бар.



