Окуялар

Экология министрлигинин кызматкерлери пара менен кармалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ишкерлерден пара талап кылуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталды. Маалыматты атайын кызматтан кабарлашты.

Ага ылайык, 2026-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экологиялык экспертизанын оң корутундусун берүү үчүн өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары — 10.05.1965-жылы туулган О.М.К. жана 26.03.1992-жылы туулган Д.О.М. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча кармалган О.М.К. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ал эми Д.О.М. өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тилкаттын негизинде бошотулду.

Тектеш кабарлар

Back to top button