Окуялар
Аламүдүндө баңгизат лабораториясы табылып, шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районундагы айылдардын биринде ижарага үй алып, синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүчү лаборатория уюштурган 34 жана 35 жаштагы чет элдик жарандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Ошондой эле алар өндүргөн маңзаттарды жашыруун сатып жүргөн деп 24 жана 25 жаштагы кишилер кармалган.
Ижарага алынган үйдү тинтүү учурунда синтетикалык баңгизаттарды өндүрүүгө арналган жабдуулар, сатууга даярдалган маңзаттар табылган (1,4 кг мефедрон, 3 кг гашиш). Кармалгандар 2025-жылдын ноябрь айынан тарта баңгизатты интернет-дүкөн аркылуу сатып келишкени аныкталды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.



