Коом

Нарындын Миң-Куш айылынын окуучуларына микро автобус белекке берилди

Бүгүн, 20-февралда Жумгал районундагы Миң-Куш айылынын окуучуларын мектепке ташып жеткирүү үчүн 1 чакан автобус белекке берилди. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобус «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Миң-Куш филиалы менен биргеликте иш алып барып жаткан «Шанси Коал Инвестмент групп» компаниясы тарабынан берилди.

Унааны тапшыруу иш-чарасына «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору А.Сейиткожоев, Жумгал районунун акими А. Набиев, Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Сасыкулов катышты.

Учурда Миң-Куш айыл өкмөтүндө 900 түтүн, же 6594 калк жашайт. 1008 окуучу Миң-Куш айылындагы 3 мектепке жана Кабак айылындагы 2 мектепке барып-келип окушат. Айылдардын аралыгы алыс болгондуктан мектеп окуучуларына транспорт каттамы зарыл болчу. 2023-жылы КР президенти тарабынан дагы 2 чакан автобус окуучуларга белекке берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button