Коом
Бишкектеги Батыш автобекетинин иши токтотулду

Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 (айланма жол менен кесилишет) дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлүүдө.
Мэрия учурда батыш жана «Акжол» автобекеттеринен «Бишкек автобекетине» чейин автобус каттамы уюштурулуп, жүргүнчүлөрдү ташып жатканын айтты.
Чыгыш (Ысык-Көл, Нарын) багытындагы каттамдар жаңы автобекеттен кетет.
Ошондой эле батыш (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас) багытындагы каттамдар унаа базары жактагы Фрунзе көчөсү, 209 дарегинен кетет.
@abal-kgg



