Бишкекте 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Энелер маршы өттү

Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Кыргызстан пенсионерлер партиясы менен биргеликте энелер – ак элечек жана улуттук көйнөктөрүн кийген энелер жүрүшүн уюштурду. Жүрүш Алатоо аянтынан Уркуя Салиеванын эстелигине чейин улантылды.
Жүрүшкө Кыргызстандын бардык жети облусунун өкүлдөрү, ошондой эле Эмгек министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, өлкөнүн белгилүү блоггерлери, акын-жазуучулары катышты.
Эмгек министри Кудайберген Базарбаев куттуктоо сөзүндө Президенттин биринчи Жарлыгына ылайык «Инсандын руханий-адептик өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» улуттук маданиятты жана каада-салтты пропагандалоо өлкөнүн мамлекеттик социалдык саясатынын маанилүү бөлүгү болуп саналарын айтты.
«Кыргызстан бардык жарандардын укуктары жана эркиндиктери корголгон светтик өлкө, ошол эле учурда Президенттин биринчи Жарлыгына ылайык, биздин мамлекет улуттук салттуу баалуулуктарыбызды коргоого жана жайылтууга багытталган системалуу жана прогрессивдүү иштерди жүргүзүп келет.
Бүгүнкү акциябыз менен биз улуттук каада-салттарга берилгендигибизди көрсөтүп, тарыхыбызга, тамырыбызга болгон урмат-сыйыбызды гана көрсөтпөстөн, улуттук жашоо образыбызды коргоого даяр экенибизди да чечкиндүү түрдө көрсөтөт. Салттуу үй-бүлөлөр бар, баланын атасы менен апасы бар, ак калпак, ак элечек сыяктуу улуттук кийимдер аздектелген, өз алдынча ойлонгон коом», — деди министр.
Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында Кыргыз Республикасынын эл акындары, “Манас” эпосунун айтуучулары салтанаттын катышуучуларына сөз сүйлөп, өлкөнүн алдыңкы дизайнерлеринин улуттук кийимдеринин мода көргөзмөсүн уюштурушту.
Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан эмгек министринин жазгы жоолуктарды тапшыруусу менен аяктады.





