Коом

Ички иштер министрлигинде Мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болду

2024-жылдын 3-март күнү ИИМдин борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү аземи болуп өттү. Ага ИИМдин жетекчилиги жана борбордук аппараттын бөлүктөрүнүн башчылары катышты.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимни менен коштолду. Белгилей кетсек, Мамлекеттик Туу 1992-жылдын 3-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген.
Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов өз сөзүндө 3-март мамлекеттин тарыхын, учурун жана келечегин символдоштурган өзгөчө күн болуп саналарын белгиледи.


«Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө туу — бул анын эгемендүүлүгүн жана инсандыгын чагылдырган негизги символдордун бири. Мамлекеттик туубуздагы кызыл түс күч менен эрдикти, жаркыраган күн — түбөлүктүүлүктү жана жашоону, түндүк — ынтымакты, биримдикти билдирет. Ал эми кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга биригүүсүн билдирет.
Мамлекеттик туу эгемендүүлүктүн эң маанилүү символу болуп саналат. Биздин ата-бабаларыбыз ыйык деп эсептешкен жана дайыма желегин сыйлашкан. Мамлекеттик туу ички иштер органдарынын ар бир кызматкеринин жүрөгүндө жоопкерчилик сезимин жана мекенге болгон сүйүүнү жаратат. Бүгүнкү иш-чара жаш муундарды патриоттуулукка, кыргыз элинин руханий баалуулуктарын урматтоого тарбиялоо максатында чоң мааниге ээ » — деп белгиледи өз сөзүндө Октябрь Урмамбетов.
Министрдин орун басары жетекчилерге ички иштер органдарынын бардык бөлүмдөрүндө сабактарды, ошондой эле өздүк курам менен мамлекеттик туу күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү милдетин койду.
Эскерте кетсек, ички иштер министрлигинде өткөн салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун күнүнө арналган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button