Коом

«Рулда» рейдинин алкагында бир күндө 15 мас айдоочу кармалды

Чүй жана Ысык-Көл облустарында «Рулда» аталыштагы рейддин жүрүшүндө бир күндө 15 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде 20 автоунааны айып короо жайына киргизди.

Анын ичинен :

  • тийиштүү документтери жок унаа башкарган 4 айдоочу;
  • терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 1 айдоочу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейддик иш-чараларды айдын аягына чейин улантат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button