Кыргызстанда кылмыштардын саны азайууда

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сот-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы республика аймагында 34 миң 467 кылмыш катталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 5,2 пайызга (же 1 миң 885 кылмышка) аз.
Катталган кылмыштардын ичинен:
29 миң 168и (84,6%) анча оор эмес жана жеңил кылмыштарга,
4 миң 197си (12,2%) оор кылмыштарга,
1 миң 102си (3,2%) өзгөчө оор кылмыштарга кирет.
Негизги үлүштү — 23 миң 572 кылмыш (68,4%) — мүлккө каршы кылмыштар түзөт. Анын ичинде:
уурулук — 11 миң 239,
алдамчылык — 9 миң 149,
талап-тоноо — 619,
каракчылык — 90.
Адамга каршы кылмыштар 3 миң 830 учурду (11,1%) түзгөн. Анын ичинде:
киши өлтүрүү жана аракеттер — 161,
зордуктоо — 210,
ден соолукка оор залал келтирүү — 236.
Жалпысынан 22 миң 340 адам кылмышка катыштыгы бар деп аныкталып, алардын ичинен 12 миң 851и кылмыш жоопкерчилигине тартылган.



