Коом
Айлыгы 25-30 миң сом. Бишкекте таштанды ташыган оор техникага айдоочулар керек
Мэрия «Тазалык» муниципалдык ишканасына таштанды ташыган оор техникага айдоочулар керек экенин кабарлады.
Маалыматка караганда, резервдик бригадага 15тей айдоочу кабыл алынат.
«Айдоочулардын айлыгы 25 000-30 000 миң сомдон башталат. Ишкана 2023-жылдын март айынан тарта айдоочулардын эмгек акысын алардын жыйынтыгына жараша төлөй баштаган», — деп жазылат маалыматта.
Мэрия бардык суроолор боюнча 0312 34 00 21, 0555 774 098 телефондоруна чалып же Ала-Арча көчөсү, 74а дарегине кайрылууну өтүндү.



