Коом
Жол эрежесин бузгандарга чыккан айып пулдун тууму алып салынды
Мындай мыйзам күчүнө кирип, иштей баштады. ЖКККББ бул мурунку бардык айып пулдарга дагы тиешелүү экенин билдирди.
Мындай чара жол эрежесин бузуп алган айдоочулардын чыгымы кээ бир учурда эки эсе көбөйүп кеткендиги үчүн кабыл алынды. Буга чейин туумдар айып пулдун өзүнө чейин кымбаттап кетчү. Башкача айтканда, 1000 сомго айыпка жыгылып, көпкө чейин төлөнбөсө, үстүнө 1000 сом туум кошулуп турган.



