Коом
Кыргызстанда жакында 55 бала бакча ачылат

Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Доктургүл Кендирбаева Кыргызстанда 1912 бала бакча бардыгын айтты.
«1990-жылдардын башында 1996 бала бакча катталган болсо, биз азыр ошол көрсөткүчкө кайра жеттик. 90-жылдары бала бакчага 211 000 бала барган, азыр 233 946 бала тарбияланууда», — деди министр.
Айтымында, 1638 бала бакча мамлекеттикки, ал эми 274 жеке менчик. Алдыда дагы 55 бала бакчанын ачылышы күтүлүп жатат.



